Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.08.2015 16:31

Ой-пикир: Соң-Көлдөгү аземдин арааны жана карааны, - К.Усуптегин, Нарын

Turmush -  Ушул жылдын 1-2-август күндөрү Соң-Көл жайлоосунун Таш-Дөбө табыгый ат майданында «Манас, Маданият, Туризм» деп аталган эл аралык деңгээлдеги фестиваль болуп өттү.

Ак-Талаа райондук акимчилиги тарабынан өткөрүлгөн салтанат шааниге бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү мал багуучулар, атайын ат арытып келген көрүүчүлөр менен катар чет элдик туристтер да күбө болушту. Аларга биздин «Кайран кыргыз элибиз» биринчиден улуттук нарк-насилибизди жана «кыргызбайлык» кыраандыгыбыз менен балиттигибизди көрсөттүк.

Жоломандын жоругу

Касиеттүү Соң-Көлгө түштүк ыптасындагы «Молдонун Бели» жак тарабы менен баргандар көл жээгине жакын кырка тигилген боз үйлөрдү кезиктиришет. Алардын бири «Жоломандын лагери» деп аталат экен. Сыртынан караганда кадимки эле тоолук малчынын кешпирин көрсөткөн Жоломан Өмүрканов келген меймандарды тосуп алууда. Бирок каарманыбыз сөзгө чоркок болуп чыкты. Демек, ал аз сүйлөп, көп иштеген жаран экендигин далилдеди. Кептин кемтигин жубайы толтурду.

Көрсө Жоломан 1998-жылы алгач 3 бой үйдү көл жээгине жакын ыңгайлуу жерге тигип, келген меймандарды тейлей баштаган экен. Бара-бара үйлөр санын көбөйтүп, быйылкы жылы жатаканалуу боз үйлөрдүн саны эле 10го жеткен.

«Жалпысы 50 орун. Бир күндүн баасы 1400 сомдон. Күнүнө ү жолу тамагын берип турабыз. Азыр орун толук. АКШ, Англия, Сингапур, Жапониядан келгендер. Бардык боз үйлөр генератор менен электрлештирилген. Атайын ашкана үйүбүз дагы бар. Жуунучу бөлмө да курганбыз»,- деди Жоломандын жубайы.

Бул лагерде 5 адам жумуш менен камсыздалган. Туристтерге ат мингизишип, улуттук оюндарды көрсөтүп көңүлдөрүн ачып турушат. Мына ушул меймандар дагы Соң-Көл фестивалынын көрөрмандары болушту.

«Жибек Жолу» туристтик жол картасы иштелүүдө

Фестиваль Кыргыз көчү менен ачылып, театрлаштырылган көркөм оюндар менен коштолду.

«Бул фестиваль мындан ары жыл сайын өтө турган фестиваль болот деп ойлойбуз. Биз каада-салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды башка элдерге көрсөтүү менен, өзүбүз дагы аларды сактап, өнүктүрүп турушубуз керек. Азыркы учурда «Жибек Жолу» деп аталган туристтик картаны иштеп жатабыз. Ал Оштон башталып, Ысык-Көлдү айланып, анан Нарын аркылуу Кытайга чыгып кетмекчи», - деди фестивалга катышууга келген вице премерь-министр Дамира Ниязалиева.

Ал эми өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов облустун ар бир районунда ар кыл фестивалдар өтүп жаткандыгын, буга чейин Ат-Башы айылында «Шырдак», Нарын шаарында «Эко-Нарын» фестивалдары өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Бул фестиваль туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болоорун айтып, бир катар маданиятка, айыл чарбасына, туризмге салым кошкон райондун тургундарын Ардак Грамота менен сыйлады.

Маданият, малымат жана туризм министринин орун басары Шайыкбек Секимов фестивалдын байге коруна 100 миң сом берди.
Фестивалга Өзгөн районунан, Ысык-Көл облусунан өкүлдөр, өнөрпөздор келишти. Кытай Эл Республикасынын 2-даражадагы композитору Мамбетжума Мамбетакун уулу жетектеген атайын топ дагы келип катышып фестивалды шаңга бөлөдү.
«Мен ушундай майрамга катышып жатканыма сыймыктанып турам. Эки мамлекет ортосунда жолдор ачылып, байланыш күчөп жатат. Биз илгеркидей кадимки «Кыргыз көчүн» көрө алдык. Кытайда дагы элдердин улуттук байлыктарына чоң көңүл бурула баштады. Манас атанын урпактары аман болушсун. Эки өлкөнүн элдери өнүгүп өссүн», - деген пикирин билдирди М.Мамбетакун уулу.

Албетте, улуттук фестивалга чет мамлекеттен келген туристтер дагы өздөрүнө таандык мүнөздөгү «окей» деген жылмаюлары менен ыраазычылык ирээтинде жооп кайтарышып, эл аралап жүрүштү.

Фестивалда ак-талаалык өнөрпоздорго жагымдуу маанай да тартууланды. Райондон чыккан «Ак-Мөөрдүн» сиңдилери» аттуу улуу муундагы ырчылар тобу менен райондук маданият бөлүмүнө облус жетекчиси Аманбай Кайыпов өкүлчүлүктүн карамагындагы 10 орундуу «Соболь» үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды.

«Ак-Талаа районунда атайын ырчылар тобу бар. Алар «Ак-Мөөрдүн сиңдилери» деген аталышта концерт тартуулашат экен. Бир жолу унаабыз жок айылдарга чыга албай жатабыз деп айтышкан эле. Ошондуктан биз өзүбүздүн карамагыбыздагы ушул машинаны музыкалык топко өткөрүп берели деп чечтик»,- деди өкүл А.Кайыпов.

Жумгал районунун акими Адылгазы Ысагулов: «Мындай фестивалдарды дүйнөдө кыргыздар гана жасай алат деп ойлойм. Эки күн үчүн толугу менен болгон оокаттарын, идиш-аягын, жууркан төшөгүн жүктөнүп көчүп келишип, кайра көчүп кеткен биз эле болсок керек», - деген пикирин билдирди.

Ошентип, көргөзмөлөр жана сынактар кечке чейин өткөрүлүп, кечкисин фейерверк аттыруу менен алгачкы күн жыйынтыкталды

Токтогулдун күлүктөрү

2-августагы шаани жалаң ат оюндары менен коштолду. Райондук алкактагы көк-бөрүчүлөрдүн оюнунан кийин, эр эңиш, кыргыз күрөшү өткөрүлдү.

Кунан чабышка 23 кунан жарышса, болгону 3 гана жорго атаандашты. Бир гана тоголок молдолук кыз даярданган экен. Аны кубалаймын деген жумгалдык көйрөң жигит же кызга жете албай, же кыз кууганда жеткирбей койбой жондон ары бир нече камчы жеп бир тамаша салды.

Аламан байгеге 11 күлүк чыгып, 24 чакырым аралыкты Токтогул районунун тургуну Замирбек Тотоновдун күлүгү башкалардан бут атым озуп чыгып келди. Бул анын аттарынын экинчи жеңиши эле.

«Мен 4 жылдан бери ат таптап жүрөм. Соң-Көлдө ушундай фестиваль болот дегенин угуп, бир кунан, бир күлүк алып келгенбиз. Экөө тең алдыга чыгып келишти», - деп толкундаган Замирбек мырза кыскача ушуларды гана билдирди.

Тойдун учуру жана эртеси

Албетте, Жумгал районун акими айтмакчы сырттан келген меймандарды кош колдоп тосуп, дасторконун жайнаткан ак-талаалык айыл аймактарда эмгектенген тургундарга алкыш гана айтылып жатты. Бирок жалпы элибиз «Айгыр баатыр үйүрүндө, ар ким баатыр үйүндө» демекчи өнөкөт эрдигибизди бул жолу да көрсөтпөй койгон жокпуз.

Биринчиси, фестиваль өткөн Таш-Дөбө аймагыбы, же боз үйлөр тигилген көл жээгиби 2-август күнү эле бошогон желим дагы, айнек дагы бөтөлкөлөргө, жылтырак баштыкчаларга, тамеки кутуларына, айтор чачылып эле жатып калдык.
Экинчиси «ак молдого» тоюп алган айрым кыраандарыбыздын тартип бузгандыктары качан тыйылары белгисиз. Сакалдуу эле бир аксакал кенедей кызын учкаштырып алып, көпчүлүктүн алдынан ары бери бастырып, кээде чапкылап, жакшы эле жолтоолук кылды.

Анын мындай «кыргызбайлык» эрдиги бир катар чет элдик туристтердин камераларына бутага алынды. Жарышып келе жаткан чакта бир күлүк баш бербей чийинден чыгып кетсе, ошол жакта жүргөн бирөө окуучу чабандести камчы менен жаактан ары чаап жиберген экен.

Ушундай кырдаал менен Соң-Көлдүн арааны ачылып, эртеңки күнгө чет элдиктерге калдайган карааны элестелип кала берди.

                                                                                                                                           Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×