Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 27.10.2017 11:09

Кызыл-Кыя шаарында жаңы жол чырактар коюлду

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында жаңы жол чырактар коюлду. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын Патрулдук милициясынын кызматкери Элдияр Сыранов билдирди.

Анын айтымында, шаардын Караван аймагында бир нече жол чырак коюлуп, №5 жана №10 мектептердин жанында жол белгилер менен атайын жол чырак орнотулду. Аталган тилкелерде Патрулдук милициянын кызматкерлери да жол тартибин көзөмөлдөп турушат. Маршруттук унааларга жана эл көп жүргөн жерлерге жол эрежесин сактоону эскерткен плакаттар илинди. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×