Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Кызыл-Кыя шаарында молдолордун спорттук мелдеши өттү

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында молдолордун футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу Баткен облусунун казыятынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын казыяттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында Баткен облустук казыяты 1-орунга ээ болсо, 2-орунду Жалал-Абад облустук казыяты, 3-орунду Ош шаардык, 4-орунду Ош облустук казыяты ээледи.

Ошондой эле, волейбол боюнча мелдеште Ош облустук казыяты 1-орунду, 2-орунду Ош шаардык, 3-орунду Жалал-Абад облустук казыяты, 4-орунду Баткен облустук казыяты ээледи. Жеңишке ээ болгон командаларга акчалай белектер менен дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 631
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×