Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Ош—Исфана жолунда 37 жаштагы жөө жүргүнчүнү өлтүргөн айдоочу кармалды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын милиция кызматкерлери Ноокат районунун тургунун өлтүрө сүзүп кеткен унаанын айдоочусун кармады. Бул тууралуу Кызыл-Кыя ШИИБдин Патрулдук милициясынын тескөөчүсү Элдияр Сыранов билдирди.

Анын айтымында, 9-ноябрда Ош — Исфана жолунун 79-чакырымында Он-Эки-Бел айылынын аймагында унаа башкарган белгисиз айдоочу Ноокат районунун 1980-жылы туулган тургуну М.Б.ны сүзүп кеткен.

«Алган жаракатынан улам ал окуя болгон жерде каза болду. Шектүүнү колго түшүрүү максатында «Кармоо» планы жарыяланып, жыйынтыгында «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалган. Ал Ноокат районунун Найман айылынын 1983-жылы туулган тургуну М.А. экендиги аныкталды», - деди ал.

Айдоочу Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, унаа айып төлөөчү жайга токтотулду. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 638
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×