Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 16.11.2017 18:50

Эл ичи — өнөр кенчи: Казакстанда билим алган төкмө акын К.Өсөров топ түзүп, чыгармачылык менен кызуу иштеп жатат (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 37 жаштагы тургуну Каныбек Өсөров Казакстандагы Мухтар Ауэзов атындагы окуу жайдын музыка факультетинин домбура бөлүмүндө билим алган. Ал жеке топ түзүү менен бирге айтыш ѳнѳрү боюнча бир топ ийгиликтерге жетишкен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каныбек Өсөровдун айтымында, ал чыгармачылык менен бала кезинен эле алектенет.

«Азыр өзүм жеке тобум менен бирге ырдап, иштешип жүргөн кезим. Төкмө акындык өнөрдү он сегиз жашыман бери аркалап, көп ийгиликтерге жетиштим. Комуз менен домбурада эркин ойноп, ырдайм. Казакстандагы Мухтар Ауэзов атындагы окуу жайдын музыка факультетинин домбура бөлүмүнөн билим алгам. Ал эми, түзгѳн "Ынтымак" аттуу тобума бир жыл болду. Ал топту менин эки инимди чыгаруу максатында түзгѳнбүз. Алар Нарындан болушат, өзүм Оштон болгондуктан топтун атын "Ынтымак" деп койдум.

Өкүнгөнүм — бир кездери чыгармачылыкка кызыгууну жоготуп, убакытты бир аз уттурганым. Кубанганым — азыр ийгиликтүү иштеп жатканым.

Кызыктуу окуялар көп эле болду. Казакстанда бут деген сөз уят экен. Аны билбей эле бут деп сүйлөй берчүмүн. Ошондо мени баары таңгалуу же жаман көздөрү менен карап калышчу. А, мен анысын кайдан билейин, шатыратып эле бут сѳзүн кошуп калам. Кийин угуп алып аябай күлдүм. Айрыкча улуу муун, уяттуу адамдардын жанында деле айтып калчумун», - деди ал.

Каныбек Өсөров 1980-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел-Кайрагач айылында туулган.

«Үйдүн экинчи баласымын. Бир агам, үч иним, эки карындашым бар», - деди ал.

К.Өсөров учурда бир уулдун жана бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×