Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Видео — Кызыл-Кыя шаарында ысык суунун түтүгү жарылып, суу агып жатат

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында ысык суунун түтүгү жарылып, бир нече күндөн бери суу жерге агып жатат. Бул тууралуу шаар тургундары билдирди.

Маалыматка караганда, суу шаардын №1 кичи районунда, мамлекеттик нотариус кызматынын жанында агууда. Ага эч ким көңүл бурбай жатат.

«Ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуучу шаардык суу чарба башкармалыгы сууну ысытууга көп каражат сарптап жатат. Ошондуктан сууну текке кетирбей, шаардын айланасындагы ысык суу агуучу түтүктөрдү көзөмөлдөсө жакшы болмок», - дешти алар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1380
Көп окулду
×