Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Россияда өлтүрүлгөн баткендик адамдын денеси Кыргызстанга алынып келет

Turmush -  17-ноябрда Россияда каза болгон Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Равшанбек Стамкуловдун денеси бүгүн, 23-ноябрда Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Багыт Бапанов кабарлады.

Маалыматка караганда, 42 жаштагы Р.Стамкулов Воркута шаарында белгисиз адамдардын кол салуусунан каза болгон. Окуя 17-ноябрга караган түнү болуп, денеси жол четинен табылган. Ал Москва шаарында дүкөндө сатуучу болуп иштечү. Маркум Воркута шаарына жашаган жеринин каттоосун жаңылаганы барганы айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4969
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×