Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Кадамжайдагы унаа кырсыктан 3 аял, 1 эркек каза болуп, 2 адам жаракат алды

Turmush -  Кечээ, 29-ноябрда Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында унаа кырсыктан 4 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасыа өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык түнкү саат 23:45 чамасында катталган. Кызыл-Кыя шаарынан келе жаткан «Дэу Нубира» унаасы Марказдан башкаруусун жоготуп, жол четине чыгып, ала салып кеткен. Анын кесепетинен 3 аял, 1 эркек киши каза болуп, кош бойлуу 1 аял менен 3 жаштагы кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Каза болгондор:

1. М.Т. 1984-жылы туулган, Сары-Алтын айылынын тургуну (эркек);

2. М.Ж. 1950-жылы туулган Сары-Алтын айылынын тургуну (аял);

3. А.С. 1941-жылы туулган Сары-Алтын айылынын тургуну (аял);

4. А.С. 1961-жылы туулган Сары-Алтын айылынын тургуну (аял).

Жаракат алган кош бойлуу А.М. оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. 3 жаштагы А.Т. травма бөлүмүндө дарыланууда.

Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5225
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×