Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 06.12.2017 13:44

Фото — Кызыл-Кыядагы тамеки завод иштей баштап, 100 адамга жумуш орун түзүлдү

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарындагы тамеки заводу кайрадан иштеп баштады. Бул тууралуу заводдун жетекчиси Абдимиталип Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, заводдун иши сырьенун жана инвесторлордун жоктугунун улам 2012-жылдан бери токтоп турган. Жакында Литва мамлекетинен инвесторлор келип, иштей баштады. Учурда аймактагы дыйкандар өндүргөн тамекинин көлөмү 50 тоннага жетип, баары заводго алынды. Келерки жылга 2000 тоннага чейин тамеки алуу пландалууда. Ал үчүн азыртан дыйкан чарбалар, дыйкандар менен келишим түзүлүп, алдын ала керектүү каражаттар берилип жатат.

«Заводдо быйыл 100 адамга жумуш орун түзүлсө, келерки жылга жумушчулардын санын 500 чамалайт. Алардын маянасы 10 миң сомдон жогору болот», - деди Жумабаев.

Өндүрүлгөн продукция Европага экспорттолот. Завод 20 миң тоннага продукцияны иштетүүгө ылайыкташтырылган. Ишканага Кызыл-Кыя шаарынын эле эмес, Кадамжай районунун, Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун дыйкандары тамекилерин тапшырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×