Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Кызыл-Кыя шаарынын ар улуттагы жаштары спорттун бийиктиктерин багындырууда

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында кыргыз, тажик, өзбек улутундагы спортчулар машыккан клуб иштейт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, спорттун алыш күрөш, самбо, таяк тартыш түрлөрү боюнча машыккан жаштарды алыш жана түркмөн күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Дилдора Рахманова машыктырат. Ар улуттун жаштарынын башын бириктирген бул клубдун спортчулары үчүн быйылкы жыл ийгиликтүү болду.

Жаш спортчу Айзирек Имарова 19 жашта. Ал акыркы 3 жылдан бери самбо менен машыгат. Буга чейин жергиликтүү деңгээлде гана өткөн мелдештерде күчүн сынаган Айзирек быйыл республикалык мелдешке катышып, II орунду багындырды.

«Алгач Дилдора Рахманованын ийгиликтерине суктанып жүрдүм. Кийин ал спортко кызыккан жаштарды топтоп, машыктырып жатканын угуп, мен да бардым. Ата-энем алгач "кыз балага спортчу болуу жарашпайт, ден соолугуңа зыян келтирип аласың" деп макул болушпады. Бирок менин жаш спортчулар тобуна аралашканымдан кийин самбого болгон кызыгуум ого бетер күчөдү. Ал жерде Гули деген тажик кыз менен таанышып, күн өткөн сайын экөөбүз жакын достордон болуп калдык. Күн сайын экөөбүз окуудан соң спорт залга чогуу барып машыгабыз. Өзүбүзчө көп сырдашабыз. Эл аралык мелдештерге катышып, Дилдора эжекедей, Айсулуу Тыныбековадай балбан кыздардан болууну кыялданабыз», - деди ал.

Балбан кыздын ата-энеси анын жараткан ийгилигине ынанып, мыкты спортчу болуусуна көмөктөшө баштады. Учурда Кызыл-Кыя педагогикалык институтунда билим алууда.

Ал эми, 20 жаштагы Гүлчахон Маматова Кызыл-Кыя медициналык институтунда билим алат. Самбо жана таяк тартыш боюнча машыгып, буга чейин Ош, Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында өткөн жаштар арасындагы мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеген.

«Спорттун арты менен мен көп досторду таптым. Кыргыз, өзбек, тажик, орус улутундагы балдар-кыздар болуп машыгабыз. Биздин топто 15 чакты кыздар, 20дай балдар бар. Спорт бизди улутубузга, жерибизге, жашыбызга карабай бириктирди. Биздин максатыбыз да бир. Ал — ар кандай мелдештерде Баткендин атын чыгаруу», - деди ал.

Машыктыруучу-чемпион Дилдора Рахманова спорт менен жаштардын ынтымагын арттырса боло тургандыгын кошумчалады.

«Шакирт жаатында кудайга шүгүр артым куру эмес. Келечектеги максатым да, үмүтүм да ушулар. Мындан 4 жыл мурда аймактын жаштарынын биримдигин спорт аркылуу чыңдоону максат кылдым эле. Анткени «спорт — тынчтыктын элчиси» дейт эмеспи. Буйруса аракетимдин акыбети кайтып жатат. Спорт жаатында ийгиликтерибиз арбыды. Окуучуларым аябай ынтымактуу. Бири-бирин ар дайым колдоп, кубаттап турушат», - деди Рахманова.

Дилдора Рахманова ар кандай мелдештерден жалпы 8 алтын, 4 күмүш, 3 коло медаль уткан.

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмек Топчубаевдин айтымында, спорт менен машыгам деген жаштар үчүн шаарда жетиштүү шарттар бар. Шаардагы жогорку окуу жайлардын, мектептердин спорт залдарында да шарттар түзүлгөн. Жеке менчик футбол аянтчаларынын саны да күн санап өсүүдө. Быйыл 250 млн сомго жакын каражатка заманбап спорт комплекси курулуп, пайдаланууга берилди.

«Мэрия жаш спортчуларга стимул берүү үчүн өлкө аймагындагы жана эл аралык мелдештерге катышуусуна түздөн-түз материалдык жардам көрсөтүп келебиз. Албетте аймактын өнүгүүсүндө, жаштардын терс көрүнүштөрдөн оолак болуусунда, көп улуттуу шаарыбыздын жаштарынын ынтымагын бекемдөөдө спорттун орду өзгөчө», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 738
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×