Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Кызыл-Кыядагы №7 кесиптик лицейинин 75 жылдык мааракеси белгиленди

Turmush -  Кечээ, 14-декабрда Кызыл-Кыя шаарындагы №7 кесиптик лицейинин 75 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мугалимдердин айтымында, салтанаттын жүрүшүндө лицейдин тарыхы тууралуу сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланып, ар бир адистик тууралуу көргөзмө болду.

Лицей 1942-жылы кыргыз ССРнин эмгекти башкаруу резервдер бөлүмүнүн буйругу менен ачылган. Ал убакта Кызыл-Кыя шаарында көмүр өндүрүү тармагы кыйла өнүгүп, кен казуу үчүн жумушчу кадрларга муктаждык күчөгөн. Аталган лицей республикада кесиптик окуу жайлардын алынчысы болуп ачылган. Ошол мезгилде окуу жайда токарь, шахта жабдууларын оңдоочу слесарь, электр оңдоочу, жер астында иштөөчү электр слесарлары сыяктуу адистер даярдалган.

Бүгүнкү күндө аталган окуу жай жыл сайын машина куруу, курулуш, жеңил өнөр жайы, тоо-кен багытындагы адистиктер боюнча 450дөн кем эмес кадрды, 3 жылдык, 10 айлык жана кыска мөөнөттүү убакта бюджеттик жана келишимдик негизде ашпозчу, официант-бармен, автомеханик адистерин даярдап чыгарууда.

Лицейге облус жетекчилиги 50 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1692
Көп окулду
×