Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык айдоочу Б.Давранов унаа кырсыкка кабылган бир нече адамдын өмүрүн сактап калган (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургуну Бакыт Давранов унаа кырсыкка кабылгандарга жардам көрсөтүп, өмүрлөрүн сактап калган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, медициналык билими жок. Кызыл-Кыядан Баткенге каттап иштегендиктен көп учурларда, айрыкча түн ичинде унаа кырсыкка кабылгандарга туш болуп, аларга алгачкы жардамды көрсөтүп келет. 2017-жылдын ичинде кырсык болгон 5 учурга туш болуп, тез жардамга кабар берген. Август айында түн ортосунда Кадамжай районунун Миң-Чынар айылындагы «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа ала салып кетип, айдоочу катуу жаракат алган. Ага биринчи болуп жетип, унаадан алып чыгып, кан аккан башын таңып, тез жардам чакырткан. Ал айдоочу ооруканадан аман-эсен дарыланып чыкты.

Бакыт Давранов медициналык тез жардам көрсөтүүнү Кызыл Ай коомунда эмгектенип жүрүп өз алдынча үйрөнгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3426
Көп окулду
×