Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан баткендик Мария апа көз жумду

Turmush -  Кечээ, 19-декабрда согушка катышкан баткендик 5 аялдын акыркысы Киреева Мария Матвеевна көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой Мария Киреева 1925-жылы 16-августта төрөлгөн. Согуштун алгачкы жылдарында жайлоолорго, алыскы айылдарга каттап, фельдшер болуп иштеген. 1943-жылы фронтко чакырылып, Гутман атындагы госпиталда иштеген. Берлинге бир аз гана жетпей калган. Бир нече жолу орден-медалдар менен сыйланган. Согуштан медициналык кызматтын улук лейтенанты наамы менен кайтып келген.

Согуштан кийин тез жардам кызматында иштеген. 1975-жылы унаа кырсыкка кабылып, омурткасынан оор жаракат алып, майып болгон. Бирок ага карабай коомдук иштерге аралашып, кол өнөрчүлүк менен да алектенчү.

мария киреева

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1185
Көп окулду
×