Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 22.12.2017 13:12

Видео — Кызыл-Кыяда өз алдынча көмүр казгандар нааразычылык акцияга чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 22-декабрда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдына жергиликтүү тургундар нараазычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, алар Кадамжай районунун Боз айылындагы эски көмүр шахтасынын калдыктарын казууга уруксат берүүнү талап кылышууда. Акцияга чыккандар негизинен Кызыл-Кыя шаарынын тургундары. Алар буга чейин жогоруда аталган жайдан көмүр казып сатып жан багып келишкендиктерин айтышууда. Бирок акыркы 2 жумадан бери жергиликтүү бийлик өз алдынча көмүр казууга тыюу салып, ал жердеги электр энергиясын өчүргөн. Анын айынан өз алдынча көмүр калдыктарын казгандардын иши токтоп, учурда жан багууга башка киреше жоктугун айтып жатышат. Көмүр казуу үчүн шахтага электр энергиясы берилиши керек.

Шахта Кызыл-Кыя шаарына чектеш Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, бирок ага Кызыл-Кыя шаардык мэриясы көзөмөл кылат. Буга чейин аталган шахтада адам өмүрү кыйылган учурлар болгон.

Ал эми, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаевдин айтымында, нараазычылык акциясына чыккандар көмүр казууга лиценция алып, мыйзамдуу иш алып барышы керек.

«Ал жерде СССР убагында көмүр шахтасы иштеп, кийинчерээк ишин токтоткон. Учурда ошол жердеги калдыктарды өз алдынча казгандар иштетип келет. Акыркы айда өз алдынча көмүр казгандардын арасында адам өмүрүн алган жагдайлар катталгандыгы үчүн коопсуздукту сактоо максатында Кадамжай, Айдаркен жана Кызыл-Кыя шаарын көзөмөлдөөчү Экотехинспекция башкармалыгы тарабынан өз алдынча көмүр казгандарга тыюу салынды. Кызыл-Кыя шаардык электр тармактар ишканасы тарабынан электр энергиясы өчүрүлгөн. Биз нааразычылык акциясына чыккандарга мыйзамдуу түрдө көмүр казууга лицензия алып, андан кийин гана иш баштоосуна уруксат беребиз деп талаптарды койгонбуз. Учурда ал жерде иштегендердин биринин дагы мыйзамдуу түрдө кагазы жок. Башкача айтканда, эч кимге баш ийбестен өз алдынча иш жүргүзүшүп келишкен. Бул маселе бүгүн өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Кадамжай районунун акими жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан каралып, эл менен жолугуп, чечүү алдында турат», - деди ал.

Окуя тууралуу:

20-декабрда саат 20:30 чамасында Кадамжай районунун Боз айылындагы шахтада Кызыл-Кыя шаарынын 38 жаштагы С.А. аттуу тургуну газга ууланып каза болгону маалымдалган.

Маалыматка караганда, шахта Кадамжай районуна караганы менен Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан. Ал жерге жергиликтүү тургундар барып, мыйзамсыз көмүр казып иштешет. Шахта 1 жумадан бери жабылып тургандыктан анын ичи газга толуп калган.

Өз алдынча көмүр казгандардын айтымында, С.А. электр тогунун жоктугунан каза болгон. Шахтада жерде электр энергиясы менен вентилятор иштеп, аба тынымсыз тазаланып турат. 2 жума мурун электр тогу өчүрүлгөн. Электр энергиясы берилбесе өз алдынча көмүр казгандардын иши токтойт. Аба тазаланбай калса шахтанын ичиндеги газдан улам 1 мүнөттө көз жумуу коркунучу жаралат.

Маркум шахтага шаймандарын алып кетүү үчүн барып, кайра чыга албай калганы айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×