Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 28.12.2017 10:14 На русском

Кылым карыткан имарат: Кызыл-Кыяда 108 жыл мурда салынган имарат азыркыга чейин колдонулуп жатат (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 108 жыл мурда салынган имарат азыркыга чейин турат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, шаардагы шахтерлордун айылы 1898-жылы негизделген. Чакан элетте биринчи жолу жыгачтан мектеп курулган. Имаратта буга чейин айдоочуларды даярдоочу мектеп иштеген. Азыр жаңы мектеп салынган. Бирок эски имарат азыркыга чейин колдонулуп келе жатат.

Айдоочуларды даярдоочу мектептин директору Галвай Мадумаровдун айтымында, эски архивдерди карап жатып, аталган имарат 1909-жылы курулгандыгын далилдеген документти таап алган. Шаардык музейде сакталып калган сүрөткө караганда 1920-жылдары имараттын алдында чакан аянтча жана В.Лениндин айкели болгон. Ал жерде ар кандай иш-чаралар өтүп турган.

А 28

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×