Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Кызыл-Кыя шаарында кафе өрттөндү

Turmush -  Бүгүн, 29-декабрда Кызыл-Кыя шаарында «Жазгүл» кафесинин экинчи кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык түнкү саат 01:37 чамасында катталган. Анын кесепетинен кафенин экинчи кабатындагы 24 чарчы метр 2 бөлмөлүү жатакана күйгөн. Өрттү өчүрүүгө №62 өрт-куткаруу башкармалыгынан 2 бөлүм тартылып, саат 03:20да өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрт меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1044
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×