Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Жаңы жыл түнү Кызыл-Кыяда 24 ымыркай төрөлдү

Turmush -  31-декабрдан 1-январга караган түнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 24 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу шаардык оорукананын төрөт бөлүмүнүн дарыгери О.Шамшидинова билдирди.

Анын айтымында, бул төрөтканада 21-декабрь күнү Умида Жумабаева 3 эм төрөгөн. Алардын экөө кыз, бири уул. Биринчи кызы 2 кг 100 грамм, экинчи кызы 2 кг 100 грамм, үчүнчүсү 2 кг салмакта төрөлдү.

Бактылуу эне — Оштогу Араван районунун алыскы Төө-Моюн айыл аймагынын Керкидан айылынын 37 жаштагы тургуну Умида Жумабаева. 3 эмдин атасы Таир Маматов жубайы аман-эсен көз жарганына кубанып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, дыйканчылык менен алектенет. Буга чейин 6 баланын (5 кыз, 1 уул) атасы болчу. Эми жубайлар 9 баланын (7 кыз, 2 уул) ата-энеси болушту.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2264
Көп окулду
×