Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык Т.Исаев устачылык кылып, айына 40 миң сомго чейин табат (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 58 жаштагы тургуну Талип Исаев 9 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип, эшик-терезелерди жасап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылыктан айына 30-40 миң сомдой киреше табат. Бул өнөрүн уулу Нурсултан Исаевге да үйрөтүп, экөө чогуу иштеп жатышат.

«Керектелүүчү материалдарды шаардагы базардан эле алып, жасай берем. Буйрутмалар байма-бай болуп турат. Көбүнчө Баткен аймагынан, кээде Оштон буйрутмалар түшүп турат. 9 жылдан бери үй-бүлөмө көп эле пайдалуу иштерди кылдым. Тиричиликке кеңири жетет», - деди ал.

Баласы Нурсултандын айтымында, устачылыкка аралашканына 1,5 жылдын жүзү болду. Жасалган эшик-терезелердин метр квадраты 1500 сомго, столдордун баасы 1000 сомдон 2000 сомго чейин бааланат.

Уста 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1359
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×