Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Баткен

Кызыл-Кыя шаарындагы тамеки заводу 50 тонна тамеки кабыл алды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарындагы тамеки заводу 50 тонна тамеки кабыл алды. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Абдимиталип Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдан бери сырьёнун жана инвесторлордун жоктугунан иши токтоп турган завод капиталдык оңдоодон өтүп, кайрадан иштеп баштады. Завод 2017-жылдын май айынан баштап Литва мамлекетинин ишканасы менен келишим түзгөн. Учурда аймактагы дыйкандар өндүргөн тамекинин көлөмү 50 тоннага жетип, баары заводго алынды. Кийинки жылга завод 3000 тоннага чейин тамеки алууну пландоодо. Ал үчүн азыртадан дыйкандар менен келишим түзүлүп, алдын ала керектүү каражаттар берилип жатат.

Заводдо быйыл 100 адамга жумуш орун түзүлсө, келерки жылга жумушчулардын санын 500дү чамалайт жана алардын маянасы 10 миң сомдон жогору болот. Өндүрүлгөн продукция Европага экспорттолот. Завод 20 миң тоннага продукцияны иштетүүгө ылайыкташтырылган. Бул ишканага жалаң эле Кызыл-Кыя шаарынын эмес, Кадамжай районунун, Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун дыйкандары өндүргөн тамекисин тапшырышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1191
Көп окулду
×