Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Баткен

Кадамжайда 6 күн мурун унаа уруп кеткен адам өзүнө келе баштады

Turmush -  Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагында «ДЭУ-Тико» үлгүсүндөгү унаа уруп кеткен кишинин абалы турукташууда. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 49 жаштагы жабырлануучуну 6 күн мурда унаа уруп кеткен. Анын кесепетинен катуу жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал азыр шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып, абалы турукташа баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1179
Көп окулду
×