Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Баткен

Айыл турмушу: Ноокаттык 24 жаштагы Д.Садыбакасова Кызыл-Кыяда бийчилер тобун түзүп, тойлордо кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кулатов айылынын 24 жаштагы тургуну Динара Садыбакасова кичинекей кезинен бери ырдаганга кызыгып, азыркы учурда Кызыл-Кыя шаарында үлпөт тойлордо элге кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы ырчы бийкечтен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, тойлордо «Жар-жар» айтуудан тышкары бийчилер тобун да түзгөн.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

- Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Эжем жана иним бар. Апам мугалим, атам Нургазы Эргешов мурда «Кыз бурак» тобунда музыкант болуп иштеген. Көпчүлүк хит ырларын атам жазган десем жаңылышпайм. Азыркы учурда инженер жана музыкант болуп иштейт.

- Ырчылык талант сизге атаңыздан өткөн турбайбы.

- Ооба, апам ыр жазат, атам ырларга музыка чыгарат. Чоң апам ооз комузда укмуш ойночу. Ырдап калышыма үй-бүлөм түрткү болду.

- Ырчылыкты окудуңуз беле?

- Музыкалык билимим жок. Мектепти аяктагандан кийин Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык колледжге тапшыргам.

- Үлпөт тойлордо качан «Жар-жар» айтып баштадыңыз?

- Мурда жөн эле ырдап жүргөм. Кийин «Жар-жар» айтуу боюнча сунуштар түшө баштады. Ошондон улам айтып келе жатам.

- «Азалия» бий тобун качан түздүңүз?

- «Азалия» бий тобу 2016-жылы түзүлдү. Ар бир жакшылыкта, тойлордо, майрамдык кечелерде, концерттерде сөзсүз бийчилер керек экен. Шаарыбызда бийчилер тобу жок болчу. Таланттуу кыздар чогултулуп, бий тобу түзүлдү. Азыркы учурда тойлорду шаңга бөлөп, элибиздин жакшылык күндөрүндө кызмат кылып жатабыз.

- «Жар-жар» айткан учурда кызыктуу окуяга кабылган учурлар болду беле?

- Кээ бирде тойлорго барсам «Жар-жарды турмушка чыккан эжелер, апалар айтат» деп калышат. Кээде берилип ырдап жаткан учурда кулакка таккан сөйкөм келиндин көйнөгүнө илинип, түшүп калган учурлар болот.

- Келечеке койгон дагы кандай максаттарыңыз бар?

- Келечекке койгон максаттарым көп. Мен кыла турчу ишимди эч кимге айтпай аткарганды жакшы көрөм. Ошондуктан сыр бойдон калып турсун.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2697
Көп окулду
×