Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Баткен

Кадамжайлык студент Н.Шакирова өзүнүн ысымы менен башкаларды таң калтырып келет (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Совет айылынын 21 жаштагы тургуну Нуризажумагүл Шакирова өзүнүн башкаларда жок ысымы менен сыймыктанат.

Өзүнүн айтымында, ысымын чоң энеси, атасы, апасы кеңешип чогуу коюшкан. Учурда Баткен мамлекеттик университетинин чет тил факультетинде 4-курста окуп жатат.

«Чоң энем менен атама Нуриза деген ысым жагып, Элиза, Луиза деген эжелеринин ысымдарына уйкаш болот деп ушул ысымды тандашыптыр. Ал эми апам Жумагүл деген ысымды жактырыптыр. Жумагүл дегенинин себеби жума күнү төрөлүптүрмүн. Алар көпкө ойлонуп, эки тарап тең өз оюнан кайтпай, эки ысымды тең коюшкан экен.

Көп учурда адамдар менен таанышууда атымды айтсам, «эгизиң барбы?» дешет. Таң калып, «тамашалабачы» дегендер да бар. Качан гана паспортумду көрсөткөндө ишенишет. Андан кийин сөзсүз түрдө «эмне үчүн атың Нуризажумагүл?» деген суроону беришет. Мен жооп бергенден тажабайм. Тескерисинче өзүмдүн өзгөчө атым менен сыймыктанам.

Иш кагаздарга аты-жөнүм толук батпай калган учурлар да болот. Мындай учурда Нуриза деген атымды гана жазып коём», - деди ал.

Нуризажумагүл үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3279
Көп окулду
×