Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Кызыл-Кыяда жолдошу сабаган аял ооруканада каза болду

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында күйөөсү сабаган аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-январь күнү саат түнкү 02:30 чамасында Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына 37 жаштагы С.Роза аттуу аял оор жаракат менен алынып келинген. Бирок ал жаракаттардан улам көз жумган. Бул кылмышка шектелип, Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан анын 1983-жылы туулган күйөөсү Д.А. кармалып, тиешелүү берене менен кылмыш козголду.

Кабарчыга белгилүү болгондой, каза болгон аялдын күйөөсү көмүр казып иштечү. Ал мурда адам өлтүрүү кылмышы боюнча 8 жыл жаза өтөп чыккан. Экөөнүн ортосунда 3 жана 5 жаштагы балдары бар. Алар жашаган батир С.Розага тиешелүү болгон.

Ал аялын башка, бетке, кабыргага соккон. Анын мындай кадамга барышынын себеби тактала элек. Аял ооруканага түшкөндөн кийин 2 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумган. С.Розанын жакын туугандары жок болгондуктан аны акыркы сапарга кошуналары узатышат.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1303
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×