Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 24.01.2018 18:02

Быйыл Кызыл-Кыяда аэропортту жана темир жолду ишке киргизүү аракеттери көрүлөт

Turmush -  2018-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы аэропортту жана темир жолду ишке киргизүү аракеттери көрүлөт. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, 2017-жылы шаарда 2 млрд 721 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Салыктарды чогултуу 100%га аткарылып, 495,4 млн сом жыйналган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 78,2 млн сомго көп.

Шаарда былтыр 7 ишкана ачылды. Анын ичинен 4 ишкана өндүрүш багытында, 3 ишкана кызмат көрсөтүү тармагында түзүлгөн.

Ал эми, оор жүк ташуучу унаалар эл аралык деңгээлдеги жолдордун сапатын бузуп жаткандыгын жана жол коопсуздугун камсыз кылууну эске алып, шаардык аэропортту жана темир жолду ишке киргизүү учур талабы экени айтылды.

Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылдагы көрсөткүчтөрү жыйынтыкталган жыйынга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, шаар мэри Эрмек Асанов жана шаар активи катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×