Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Жаш талант: Кызыл-кыялык Э.Абдухаликова сүрөтчүлүк өнөрүн такшалтууда (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарындагы 4-класстын окуучусу Элнура Абдухаликова сүрөтчүлүк өнөрүн такшалтууда. Аймактык кабарчы сүрөтчү кыздан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, сүрөт тартууга болгон шыгы атасынан өткөн. Айрыкча жаратылышты жана жаныбарларды тартканды жакшы көрөт. Андан сырткары ырдоого жана бийлөөгө кызыгат. Ыр-бийге болгон шыгы апасынан өткөн. Мектепте өткөн ар бир маданий иш-чарада ырдап-бийлейт. Элнура келечекте мыкты сүрөтчү жана ырчы болууну пландап жатат.

Жаш сүрөтчү үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 930
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×