Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Баткен

Кызыл-Кыяда алдамчылыкка айыпталган аял жабырлануучуга 60 миң сом төлөп бермек болду

Turmush -  Кызыл-Кыя шаардык соту эки көзү көрбөгөн аялды алдоого шектелген Р.М. аттуу аялды жабырлануучуга 60 миң сом айып төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Р.М. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга, 170-берене менен 2 жылга, 59-берененин негизинде белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу менен биротоло 4 жылга эркинен ажыратылган. Бирок 63-берене колдонулуп, 1 жылдык сынак мөөнөтү менен шарттуу соттолду. Кызыл-Кыя шаардык соту өкүмдү 19-январда чыгарган.

Ал эми айыпталуучу Р.М. куруу доомат менен камакка алынганын билдирди. Учурда абактан бошотулуп, үй камагында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 933
Көп окулду
×