Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Баткен

Эл ичи — өнөр кенчи: Кызыл-кыялык М.Карабаджанова портреттерди тартып, сүрөтчүлүк өнөрүн такшалтууда (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 17 жаштагы тургуну Мавиле Карабаджанова сүрөт тартуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учуда шаардагы мектептердин биринде 11-класста окуйт.

«Чыгармачылыкка болгон шык апамдан өткөн, ал кол өнөрчү. Мектепке барганымда мага «Алиппе» сатып беришти. Мен аны карап жатып, мамалактын сүрөтүн көрүп тарттым. Мектепте бардыгы менин сүрөтүм жакшы болгондугун айтып макташкан. Ошондон тарта сүрөт тартууну колго алдым. Кичинекей кезимден бери сүрөт боюнча сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келем. Адамдардын портреттерин тартууну интернеттен карап үйрөндүм. Алгач өзүмдүн портретимди тарттым. Кийин жакындарымды, белгилүү адамдардын портретин тарта баштадым.

Сүрөт тартуудан тышкары спорт жана кол өнөрчүлүк менен алектенгенди жактырам. Өткөн жылдан тарта кыз-келиндердин тырмактарын сулуулай баштадым. Мектепти бүтсөм сүрөтчүлүк окуу жайдан билим алам. Сүрөтчүлүктүн сырларын билгим келет», - деди ал.

Мавиленин 3 эжеси, 1 иниси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1629
Көп окулду
×