Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Баткен

Кызыл-Кыядагы «Айбек» базары белгисиз убакытка жабылды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын борбордук «Айбек» базары белгисиз убакытка жабылды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча региондор аралык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 8-февралында базарда пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлүп, мурда берилген эскертүүлөр аткарылбагандыгы үчүн базар 10-февралдан тарта мөөнөтсүз убакытка жабылды. Тактап айтканда, өрттөн сактануу чаралары жана электр энергияны колдонуу коопсуздугу сакталган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1085
Көп окулду
×