Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Баткен

Эл ичи — өнөр кенчи: Кызыл-кыялык футболчу И.Шамшиев КРнын кубогун 7 жолу уткан (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы тургуну Ислам Шамшиев футбол ойноп, Кыргызстандын кубогун 7 жолу, супер кубогун 1 жолу уткан. Аймактык кабарчы футболчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, футболго болгон кызыгуусу кичинекей кезимнен эле башталган.

«Атам менен сыналгыдан оюндарды көрүп, көчөгө чыгып, күн сайын балдар менен футбол ойночубуз. Мектепте да танапис болсо эле футбол ойноп, ошол убакыттан бери футбол менен жашап келем. Менин карьерам 2006-жылы Кызыл-Кыянын «Шахтер» футболдук клубунда башталган. 2008-жылдан тарта «Дордой» клубунда ойноп келем. 2010-жылы Кыргызстандын курамасына киргем. Биринчи жолу «Дордой» командасы менен Москва шаарында болуп өткөн КМШ мамлекеттеринин кубогунда ойногом. «Дордой» командасы менен Кыргызстандын 7 жолу чемиону болуп, 1 жолу супер кубокту уткам. 1 жумада 6 күн машыгам. Күнүнө 2 саат машыгуу болот. Андан тышкары машыгуучу залга барып, ал жерде 1 саат өзүмчө машыгам. Футболдон тапкан каражатым өзүмө жетет», - деди ал.

Ага казакстандык клубдардан алардын командасында ойноо сунушу түшкөн, бирок макул болгон. Өзү «Реал Мадрид» клубунун күйөрманы жана футболчу Тони Кроостун чеберчилигин баалайт.

«Ар бир спорттун өзүнүн кыйынчылыктары болот. Футболдо мен үчүн кыйыны — кышкы машыгуу. Ал 2 жума Анталияда өтөт. Күнүнө 2 жолу эртең менен кечинде машыгабыз. Анталияда оюн боло турган күнү шеригимди унутуп оюнга кетип калыптырбыз. Анан ал эптеп такси менен таап, биз 2-таймга чыгып жатканда келип калган. Баарыбыз күлгөнбүз. Оюндан кийин келип мага таарынып жүрдү. Келечекке койгон максаттарым көп. Кыргызстандын атын чыгарып жүргүм келет», - деди ал.

Футболчу үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 543
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×