Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 21.04.2018 16:41

Кызыл-Кыяда социалдык дүкөн ачылды ( фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында социалдык дүкөн ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Дүкөндү ачууну демилгелеген Светлана Халбаеванын айтымында, ал жердеги кийим-кече, азык-түлүктөр жардамга муктаж адамдарга берилет.

«Дүкөндү ачуу идеясын 8 жыл ойлондум. Мындай дүкөндөр Бишкек шаарында жана башка өлкөлөрдө ачылып жатканын көрдүм. Ал үчүн 2 бөлмө бөлдүк. Бир бөлмө дүкөндүн өзү үчүн болсо, экинчи бөлмөдө кийим-кечелерди кийип көрүүгө болот. Бардык адамдарга, соода түйүндөрүнө керексиз кийимдерди дүкөнгө алып келүү өтүнүчү менен кайрылдык. Азырынча аз, бирок биз бул ишти жаңы эле баштадык, - деди ал.

Социалдык дүкөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн кызмат кылат. Дүкөн ачылган күнү 50гө жакын адам келип, зарыл болгон кийим-кече, азык-түлүктөрдү алып кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×