Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 04.06.2018 16:21

Кызыл-Кыяда окуучулар арасында футбол мелдеши өттү

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында окуучулар арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул турнир жыл сайын уюштуруларын балдар клубунун директору Александр Моталов билдирди.

Анын айтымында, турнир 2006-жылы төрөлгөн окуучулар арасында өткөрүлдү. Балдарды коргоо күнүнө арналган мелдешке 160 жаш футболчу катышты. Жыйынтыгында 1-орунга №1 мектептин окуучулар ээ болушту. Ал эми 2-орунду №2 мектеп, 3-орунду №4 мектеп багындырды.

Жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылды. Ошондой эле мыкты оюнчу аталган футболчулар акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×