Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 02.07.2018 17:50

Кызыл-Кыяда аялга 1-топтогу майыптыгы боюнча документ жасагандарга кылмыш иш козголду

Turmush -  Кызыл-Кыя шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери менен Кадамжай райондор аралык медициналык-социалдык экспертиза борборунун кызмат адамдарына райондук прокуратура тарабынан кылмыш иш козголду. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын Ж.А. аттуу тургуну 1-топтогу майыптыгы тууралуу документ жасап алган. Андан шектенген Кызыл-Кыя шаарынын 2 тургуну прокуратурага арыз жазган. Текшерүүнүн натыйжасында документ жасагандарга Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголду. Учурда аталган иштин материалдары Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×