Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 18.07.2018 09:06

Кызыл-Кыяда кутурган ит тиштеген адам 2 күндөн кийин каза тапты

Turmush -  16-июлда Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургуну кутурма оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтымында, бейтап 15-июль түнкү саат 01:00 чамасында Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткирилген. Ал Кадамжай шаарынын Үч-Коргон айылынын Сулайман-Абад аймагынын жашоочусу болгон. Текшерүү учурунда кутурма оорусу аныкталган.

Бейтаптын келинчегинин айтымында, жолдошу 13-14-июнь күндөрү талаадагы үлүш жеринде жүргөн учурда жолбуун ит тиштеген. Бирок медициналык жардам үчүн дарыгерлерге кайрылган эмес. Бара-бара бейтапта гидрофобия, аэрофобия сыяктуу абалдар пайда болгон.

Бейтап 16-июль күнү саат 20:00лар чамасында каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×