Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 18.07.2018 09:43

Кызыл-Кыяда 19 жаштагы жигит көчөдөгү даракка асынып каза болду

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 17-июлда саат 10:17 чамасында Совхоз айылындагы Ирадан көчөсүндөгү даракка 1999-жылы туулган Б.К. (эркек) аттуу жаран жип менен асынып алган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын тоо-кен куткаруу кызматынын №4 өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жерине барышып, маркумдун жансыз денесин жерге түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Өлүмдүн сыры эмнеде?

Асынып каза болгон 19 жаштагы бала атасына таарынган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар маалымдады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул окуяга үй-бүлөлүк чыр себеп болгон. Бала өз өмүрүнө кол салуудан мурун өз атасынан Бишкек шаарына баруу үчүн уруксат сураган. Бирок атасы анын шаарга кетүүсүнө тыюу салган. Мындан улам баласы өзүнүн өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн. Бала асынып алганга чейин 3-4 күн үйгө келбей жүргөн. Анын атасы менен урушкан күнү эле асынып алышы мүмкүн экендиги болжолдонуп жатат.

Каза болгон жигит үй-үүлөдө 3 бир тууган, өзүнөн кийин 1 иниси, 1 карындашы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×