Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 18.07.2018 11:05

Кызыл-Кыяда асынып каза болгон бала атасына таарынган болушу мүмкүн

Turmush -  Кечээ, 17-июлда Кызыл-Кыя шаарында асынып каза болгон 19 жаштагы бала атасына таарынган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар маалымдады.

Маалыматка караганда, Б.К.нын денеси кечээ саат 10:20 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Совхоз айылынын кире беришиндеги даракта асылып турган жеринен табылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул окуяга үй-бүлөлүк чыр себеп болгон. Бала өз өмүрүнө кол салуудан мурун өз атасынан Бишкек шаарына баруу үчүн уруксат сураган. Бирок атасы анын шаарга кетүүсүнө тыюу салган. Мындан улам баласы өзүнүн өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн. Бала асынып алганга чейин 3-4 күн үйгө келбей жүргөн. Анын атасы менен урушкан күнү эле асынып алышы мүмкүн экендиги болжолдонуп жатат.

Каза болгон жигит үй-үүлөдө 3 бир тууган, өзүнөн кийин 1 иниси, 1 карындашы болгон.

Баткен ШИИБдин маалыматына караганда, аталган баланын өлүмү боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин ӨКМ Кызыл-Кыя шаарында 17-июлда саат 10:17 чамасында Совхоз айылындагы Ирадан көчөсүндөгү даракка 1999-жылы туулган Б.К. аттуу жигит асынып каза болгондугун кабарлаган.

Маалыматка караганда, ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын тоо-кен куткаруу кызматынын №4 өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жерине барышып, маркумдун жансыз денесин жерге түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×