Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 30.07.2018 14:45 На русском

Кызыл-Кыя шаарында акын Эрназар уулу Туяктын эстелиги тургузулду (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында белгилүү акын Эрназар уулу Туяктын эстелиги тургузулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, эстелик маданият үйүнүн аймагына тургузулду. Иш-чарага анын туугандары, облус жетекчилиги катышты. Кызыл-кыялык өздөрүнүн акын жердешинин айкелин коюу үчүн атайын уюштуруу комитетин түзүп, акча топтошкон. Майдан айыл өкмөтү да бир топ жардам көрсөткөн. Иш-чарада төкмө акындар Абдивали Акимбеков менен Идирис Айтибаев Туяк акынды эскеришти.

Эстеликтин ачылышынан кийин атайын илимий конференция уюштурулду. Ага президенттин кеңешчиси Султан Раев, Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев, парламенттин депутаты Төрөбай Зулпукаров, профессорлор Акеш Иманов, Миталип Тайиров жана башкалар катышты.

Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Сайдулла Балтабаевдин айтымында, 2016-жылы акындын туулган жери Пум айылында анын 160 жылдыгы белгиленген. Эрназар уулу Туяк 1856-1912-жылдар аралыгында жашап өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×