Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 15.08.2018 16:26

Кызыл-Кыядагы балдарга жол коопсуздугун сактоо эскертилди (фото)

Turmush -  Баткен облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында 18-июлдан 28-августка чейин «Көңүл бургула балдар» жана «Жайкы каникул» рейддери өткөрүлүп жатат. Бул тууралу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков билдирди.

Анын айтымында, инспекторлор Кызыл-Кыя шаарындагы окуучулар жана ата-энелер менен жолугушуп, жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан сырткары Ноокат районундагы эс алуу лагерине 100гө жакын өспүрүм жөнөтүлдү.

Быйыл Баткен облусунун аймагында 28 жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1 өспүрүм каза болуп, 29 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×