Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 24.08.2018 17:25

Кызыл-Кыя шаарында унаа уурдоого шектелген адамдар кармалды (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында унаа уурдоого шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 7-август күнү саат 17:00 чамаларында Кызыл-Кыя шаарынын Стаханов көчөсүндө үйүнүн алдына токтотуп койгон «Мерседес-Бенц 609» үлсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Ошондой эле 17 август күнү Кызыл-Кыя шаарынын 59 жаштагы тургуну «Аристократ» кафесинин алдына токтотуп койгон «ВАЗ 2106» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар тартып алып, белгисиз тарапка айдап кеткени такталган.

Бул фактылар боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 40 жана 44 жаштагы 2 тургуну кармалды. Алар унааларды жеңил акча табуу максатында уурдап кетишкени такталды. Учурда шектүүлөр камакка алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (унааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери улантылып жатат. Уурдалган унаалар өз ээлерине кайтарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×