Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 01.10.2018 11:52

Кызыл-Кыяда мамлекеттик кызматкерлер арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 30-сентябрда Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылына, Адам сатууга каршы 100 күн программасына жана жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин урматына арналып уюштурулду. Жыйынтыгында 1-орунду Кызыл-Кыя шаардык мэриясы, 2-орунду өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, 3-орунду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, 4-орунду Сүлүктү шаардык мэриясы ээледи.

Жеңүүчү командалар жана мыкты оюнчулар атайын дипломдор, белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×