Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 01.11.2018 15:00 На русском

Фрунзеге, Ташкентке учактар учуп турчу: Кызыл-Кыядагы аэропортту оңдоого 450 млн сом керек (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт оңдоого муктаж. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, аэропорт 20 жылдан бери кароосуз калып, 500 миңге жакын жашоочу 100 чакырымдай алыстыктагы «Ош» аэропортунан сапар тартышат.

«Кызыл-Кыя шаары 3 район менен чектешип, калкы 51 миң адамды түзөт. Араван, Ноокат, Кадамжай райондорунун чектеш аймактарындагы жашоочулар Кызыл-Кыя шаарында эмгектенип, билим алышат. Шаар эли менен бирге чектеш райондордун эли чет жактарга чыкканда Ош облусуна каттап, «Ош» аэропортунан сапар тартышат. Мындайда сааттап жол жүрүп, жүргүнчүлөргө кыйынчылык жаралат. Кээде жол азабынан учактан кечигип калган учурлар да болот. 20 жылдан бери кароосуз калган Кызыл-Кыядагы аба майданын оңдоп, иштетүү керек», - деди Ак-Булак айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Кошок Токуров.

Кызыл-Кыя аэропортунун мурдагы кызматкери Калмурза Абдырахмановдун айтымында, аталган аба майданынан 1998-жылдын октябрь айында акыркы учак учкан. Андан бери 20 жылдай убакыт өтүп, имараттар кароосуз калды.

«Аэропорт 1974-жылдан баштап иштеп, 1998-жылдан тарта кандайдыр себептерден улам каттамдар токтогон. Союз убагында Кызыл-Кыядан Фрунзеге жумасына 3 жолу учак учса, Ташкент—Кызыл-Кыя каттамында 1 жолу учуп турчу. Азыр эми иштебей турат», - деди ал.

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмек Топчубаев аэропортту иштетүү үчүн 450 млн сом керектигин белгиледи.

«Эскилиги жеткен имараттарын оңдоп, кайрадан пайдалануу маселеси өкмөттүк деңгээлге жетип, атайын комиссия түзүлдү. Эми сунуштар каралып, керектелүүчү 450 млн сом каралса, аба майданы кайрадан ишке кирет», - деди мэр.

Учурда аэропортто 2 жумушчу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×