Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 06.11.2018 16:07 На русском

Баткенде ишкер-спортчуну аткан экинчи ишкер 6 жылга эркинен ажыратылды (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаардык соту Кызыл-Кыя тоо-кен колледжинин мугалимине ок атуу фактысы боюнча Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн тургуну А.уулу Кубатка (аты өзгөртүлдү) өкүм чыгарды.

Бул иштин негизги фигуранты Кызыл-Кыя шаарынын 1981-жылы туулган тургуну А.Автандил (аты өзгөртүлдү) болду. Автандил жогорку билимдүү, жашы жете элек 3 баланын атасы, мурда соттолгон эмес. Кылмыш жасалган учурда убактылуу жумушсуз болгон.

Тергөөнүн материалдарына караганда, Кубат менен Автандилдин ортосунда чатак 2016-жылдын 8-январында чыккан. Чатактын чыгышына Кулатов айылынын Жинжиген аймагында жайгашкан көмүр чыккан жай себеп болгон. Бирок ал жерден көмүр казуу иштери мамлекеттин уруксат кагаздары жок, мыйзамсыз жүргүзүлгөн.

Чатак учурунда Кубат Автандилдин бригадасы анын көмүр казган жайынын жанынан көмүр казгандыктан ал жерде жаракалар пайда болгонун айткан. Жарака кеткен жайдан көмүр казууга болбой калгандыгын билдирген. Кубат өзүнүн чыгымдарын 340 миң сом деп баалаган. Чатак учурунда Кубат Автандилди төшкө согуп жиберген. Автандил ошол замат «Айбек» базарына чуркап барып, өзүнүн дүкөнүнөн «Макаров» тапанчасын алып кайтып келген. Ал тапанча менен Кубатты коркутуу үчүн жерге аткан, бирок ал коркпой өзүнө жакындап келе жатканын көрүп, аны ичке атып жиберген. Ок жеген Кубат жашырынып кетүүгө аракет кылган, бирок Автандил аны кубалап барып дагы 4 жолу атып, өлтүрүүгө аракет кылган. Автандил алган жаракаттары менен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бул кылмышы үчүн Автандилге 28-97-берене менен кылмыш иш козголгон.

Автандилдин үйүн текшерүү учурунда диний китептер табылган. Экспертизанын жыйынтыгында алар «Хизб-ут Тахрир» уюмуну таандык. Бул фактылар боюнча 199-2-берене менен (экстремисттик материалдарды сактоо) менен кылмыш иш козголгон.

Мындан тышкары жабырлануучу Кубат келтирилген зыяндын көлөмүн 496 миң 590 сом деп баалаган. Иликтөө учурунда соттолуучу айыптардын айрымдарын мойнуна алган. Ал ошол күнү намаздан кийин саат 16:00 чамасында Кубат жана анын досу менен жолуккан. Ал чатакты тынч чечүүгө аракет кылган. Бирок Кубат 340 миң сом талап кылганда мынчалык акчасы жок экендигин жана 100 миң сом гана төлөөгө даярдыгын билдирген. Бирок бул Кубатка жакпай калып, ал аны сөгө баштаган. Андан кийин өзүнүн дүкөнүнө барып тапанча алып келип, аны коркутуу үчүн жерге аткан. Бирок Кубат коркпой, досу экөө аны сабоо үчүн жакындаганда атып жиберген. Бирок канча жолу ок чыгарганын билбейт.

Автандил мындан тышкары мурда да Кубат экөөнүн ортосунда чатак болуп, андан акча талап кылышкандыгын айткан. Ал бул факты боюнча милицияга арыз жазып, бирок тараптар жарашып алышкандыктан тосмо арыз жазып берген. Автандил тапанчаны болсо өзүн коргоо максатында таанышынан сатып алган.

Ал үйүндө экстремисттик диний адабияттарды сактоо боюнча маалыматты төгүндөгөн. Автандил үйүндө каражат тапкан жалгыз адам экендигин, жашы жете элек 3 бала бар экендигин, жабырлануучу (Кубат) тосмо арыз жазып бергендигин айтып, соттон мыйзамсыз курал сактагандыгы үчүн камакка алууга тиешеси жок жаза берүүнү суранган. Ал жабырлануучуга 300 миң төлөп берген.

Сот кылмыш иштин материалдарын карап, Автандилди Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-берененин 1-бөлүмү боюнча күнөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратса, 241-берененин 1-бөлүмү боюнча (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча 3 жылга, 299-2-берененин 1-бөлүмү боюнча 3 жылга эркинен ажыраткан. Сот жазаларды кошуу жолу менен аны 6 жылга жатак абакка кескен. Сот Кылмыш-жаза кодексиндеги 61-берененин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде (алдын ала камоо сот тарабынан жазанын мөөнөтүнө кошулат. Мында болжолдуу камоонун 1 күнү түзөтүү жумуштары жана эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн, ошондой эле жатак абакта кармоонун 2 күнүнө туура келет) 2016-жылдын 29-январынан баштап өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камактагы 1 күндү жатак абактагы 3 күн катары эсептеген.

Мындан тышкары өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үй камак учурундагы 1 күн жаза мөөнөтүндө 2 күн катары эсептелди. Бул жол аркылуу Автандил жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн. Сот өкүм күчүнө кирген учурдан тарта аны үй камактан бошотууну токтом кылды.

Окуя тууралуу:

Ушул жылдын 8-январында Кызыл-Кыя тоо-кен техникумунда дене тарбия сабагынан мугалим болуп иштеп жаткан Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын Өрнөк айылынын 1991-жылкы тургунуна ок атылгандыгы тууралуу маалымдалган.

Шектүү жабырлануучуну бир нече жолу атып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жаракат алган адам Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилип, ага 5 сааттык оор операция жасалган. Ок чыгарган адам кийин 28-январда Бишкек шаарынан кармалган болчу.

Октон жарадар болгон жабырлануучу улуттук күрөш менен машыккан спортчу экендиги белгилүү болгон. Ал жаракат алганга чейин республикалык универсиадада чемпион болгон. Октон жарадар болуунун алдында кезектеги мелдешке катышуу үчүн даярдык көрүп жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×