Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 21.12.2018 11:24

Кызыл-Кыядагы колледжде энергетикалык көйгөйлөр талкууланып, спорттук мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Кечээ, 20-декабрда Кызыл-Кыя шаарындагы тоо-кен техникалык колледжде 22-декабрь – Энергетика күнүнө карата атайын тегерек стол жана спорттук таймаштар уюштурулду. Бул тууралуу колледждин электр менен камсыздоо факультетинин жетекчиси Ахун Каюмов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү электр тармактарындагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору, электр энергиясын туура пайдалануу боюнча сөз болду.

Мындан тышкары студенттер арасында футбол жана волейбол боюнча мелдештер уюштурулду. Жыйынтыгында волейбол жана футболдон жалпы эсеп боюнча 1-орунду экономика жана башкаруу кафедрасы, 2-орунду курулуш кафедрасы, 3-орунду тоо-кен кафедрасы ээледи. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Окуу жайдын электр менен камсыздоо факультети Азия өнүктүрүү банкына пилоттук катарында кабыл алынып, быйыл 6 млн сомдук электр жабдыктары менен камсыздалды. Ошондой эле студенттерге 2 адис келип, студенттердин билимин жогорулатууга салым кошууда. Факультеттин күндүзгү бөлүмүндө 54 студент, сырткы бөлүмүндө 38 студент окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×