Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 21.12.2018 14:25

Окуучулар талаага «разборкага» барып: Кызыл-Кыяда 9-класстагы баланын өлүмү боюнча 3 окуучу 2 айга камакка алынды

Turmush -  19-декабрда Кызыл-Кыя шаарындагы балдардын урушунун кесепетинен каза болгон өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип 3 окуучу 2 айга камалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мектеп окуучусунун өлүмү боюнча 19-декабрь күнү эле кылмыш иш козголгон. Бул кылмышка шектелип 3 окуучу кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 10-пункту менен (хулигандык максаттарда киши өлтүрүү ) айып тагылды. Кармалган окуучулар 2 айга камакка алынды.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 19-декабрда милициядан Кызыл-Кыяда окуучулар мушташып, 9-класста окуган бала мерт болгонун тастыкташкан.

Маалыматка караганда, окуя сабактан кийинки убакта болгон. Кызыл-Кыя шаарындагы №9 мектептин 10-9-класстарынын окуучуларынын ортосунда келишпестик болуп, мектептен сыркары барып мушташкан. Анын кесепетинен 9-класстын окуучусу каза болгон. Кызыл-Кыя ШИИБ окуянын чоо-жайын териштирип жаткан Медициналык экспертизалар дайындалган болчу.

Ал эми Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 19-декабрда саат 14:45 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканадан жашы жете элек өспүрүмдүн жансыз денеси алынып келингендигин жөнүндө маалымат түшкөн. Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышып кароо жүргүзүлүп, төмөнкүлөрдү аныкташкан:

19-декабрда саат 14:00 чамасында Кызыл-Кыядагы У.Гулматов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу, 2003-жылы туулган И.Б. 4-5 классташы болуп, ошол эле орто мектептин 9-классынын окуучуларын мектептин арт тарабында жайгашкан Кам-Көл аталышындагы ээн талаага өз ара чечишүүгө (разборка) чакырышкан. Ал жакка 9-класстын 15ке жакын окуучусу барган. Алар андан кийин 9-классынын дагы бир окуучусу, 2003-жылы туулган Э.М.ди 5-6 классташы менен бирге чакырышкан. Чакырылгандар талаага баргандан кийин Э.М.ди 10-класстын окуучусу И.Б. муштум менен көкүрөк тарабына 2-3 жолу урган. Андан кийин 10-класстын дагы бир окуучу А.А. дагы аны бир жолу көкүрүккө урган. Сокку жеген Э.М. жерге кулаган бойдон өзүнө келбей койгон. Ал Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Ооруканадан Э.М. каза болуп калгандыгы аныкталган.

Бул жагдай боюнча керектүү материалдар чогултулуп, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголгон. Маркум окуучу Э.М.дин өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы учурда кылмыш иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектелип 3 окуучу кармалып, убактылуу камакка алынган.

Ал эми мэриянын маалыматына караганда, 10-класстын 4 окуучусу 9-класстын окуучулары менен мушташкан. 10-класстын 3 окуучу 9-класстын окуучусуна сокку берип, ал эсин жоготкон. Анын классташтары жолдо кетип бара жаткан унааны токтотуп, эсин жоготкон баланы айылдык медпунктка алып келишкен. Аны ал жактан шаардык ооруканага жөнөтүшкөн. Бирок ооруканадан анын каза болуп калгандыгы такталган. Баланын денеси медициналык экспертиза дайындалып, бирок жыйынтык чыга элек болчу.

Мектеп директорунун айтымында, мектептин мугалимдери ноябрь айында окуучулар, ата-энелер арасында рэкетчиликти жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. 8-класстан 11-класска чейинки окуучулардын ар бири мыйзам бузууларга катышпай тургандыгын убадалаган түшүнүк кат жазып беришкен. 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында жашыруун сурамжылоо (анкета толтуруу) уюштурулган. Балдар аларга мектепте эч ким тийишпей тургандыгын билдиришкен. Бирок ага карабай окуучулар мушташ чыгарышкан.

Жогорудагы факты боюнча 10-класстын 3 окуучу камакка алынган. Бул окуядан кийин шаар мэринин жетекчилиги менен мектеп директорлорунун жыйыны өткөн. Аларга окуучунун өлүмүнүн себебин дыкаат иликтеп чыгуу, окуучулара арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×