Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 17.06.2019 12:45

Кызыл-Кыя шаарында 2 унаа кагышып, 64 жаштагы айдоочу каза болду

Turmush -  14-июнда Кызыл-Кыя шаарында 2 унаа кагышып, 64 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-июнда Баткен облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, Кызыл-Кыя шаарынын 1955-жылы туулган тургуну К.А. өзүнүн «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган тургуну Ж.И. башкарып бара жаткан «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Дэу Матиздин» айдоочусу М.А. окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган кырсык боюнча Кызыл-Кыя ШИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×