Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 05.08.2019 18:16

Кызыл-Кыяда майып үй-бүлөнүн батирин келемиштер каптап, кошуналары тынчсызданууда. Видео

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында майып адамдардын үйүн келемиштер каптап, кошуналары тынчсызданууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алар А.Султанова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жашоочулары бул үйдөгү батирлердин бири жашоого мүмкүн эмес абалга келип калганын айтып, ичи жыттанып жана келемиштер басып, ыңгайсыздыктарды жаратып жатканы үчүн нааразы болууда. Тургундар буга байланыштуу мэрияга жана социалдык коргоо башкармалыгына арыз жазып кайрылышкан. Арызда аталган батирдин жашоочулары А.А. (аял киши) менен кызы Ф.А. 2-топтогу майып экендигин билдирип, үйдүн жер төлөсү саркынды сууга толуп, жыттанып кеткендигин белгилешкен. Анын негизинде Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан үйдү тазалоого 1 миң сом бөлүнгөн. Жашоочулар ал 1 миң сом жетишсиз экенин айтышууда.

Батирдеги эне менен кыз аз камсыздалган үй-бүлөнүн катарына кирет. Эч кандай кирешеси жок, эч жерде иштешпейт. Апасы оорусунан улам 2 айдан бери төшөктө жатат. Келемиштерди жок кылууга алы жетпейт.

Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын маалыматына караганда, аталган үй-бүлө буга чейин эч кимди үйүнө киргизбей каршы болуп келишкен. Бирок тазалыктын сакталбаганынан улам Кызыл-Кыя шаардык мэриясы, кварталдык комитеттин башчысы, жашоочулар болуп аталган батирди тазалоо иштерин колго алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×