Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 16.08.2019 15:02

Кызыл-Кыя шаарында 3 км жолго асфальт төшөлүп жатат

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 3 км жолго асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, асфальт төшөө иштери Масалиев, Ленин, Маяковский жана Султанов көчөлөрүндө аткарылууда. Ага Мамлекеттик бюджеттен 16 млн 170 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом каралган.

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Караван аймактык башкармалыгынын Ак-Булак айылынын 1,5 км көчөсүн асфальттоо жумуштарына акча каралды. Учурда жолдорду асфальттоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×