Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 29.08.2019 15:54

Нарындыктар Баткенге конокко келишти. Сүрөт

Turmush -  Облустар арасында өтүүчү «Ынтымак кербени» иш-чарасы бүгүн, 29-августта Баткенден башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Облус жетекчилигинин маалыматына караганда, долбоордун алкагында Баткенге Нарын облусунун делегацияга келди. Алар ушул жуманын акырына чейин Баткен облусунун бардык район-шаарларында болуп, облустун социалдык-экономикалык абалы жана маданий жайлары менен таанышып чыгышат. Ага катар эле 31-август күнү Баткен шаарында өтүүчү Эгемендүүлүктүн 28 жылдык майрамына катышат.

«Ынтымак кербени» Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×