Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 15.09.2019 14:47 На русском

Кызыл-Кыяда мамлекеттик кызматкерлер спорттук нормативдерди тапшырышты. Сүрөт

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик кызматкерлер спорттук нормативдерди тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 14-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын борбордук стадионунда өкмөттүн «Спорттук Кыргызстан» программасынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы муниципалдык мекемелердин кызматкерлери жана медицина адистери спорттук нормативдерди тапшырышты. Иш-чара Кызыл-Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Спорттук иш-чараны Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×