Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 24.09.2019 11:36 На русском

Кызыл-Кыяда өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында «Жаштар баңгизатка каршы» ураанынын алдында окуучулар арасында кичи футбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 22-сентябрь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арасындагы ынтымакты чыңдоо, кылмыштуулукту алдын алуу максатында уюштурулган. Мелдешке жалпы 10 команда катышкан.


Жыйынтыгында 1-орунду №7, 2-орунду №11 жана 3-орунду №1 орто мектептери ээлешти. Женүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана баалуу буюмдар ыйгарылды. Ошондой эле мелдешке катышкан ар бир командага Кызыл-Кыя ШИИБдин өздүк курамы тарабынан кызыктыруучу белектер берилди.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×