Кызыл-Кыяда 37 жаштагы тургун маңзат менен кармалды
Turmush - Кызыл-Кыя шаарында 37 жаштагы тургун маңзат менен кармалды. Бул кабарды Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 37 жаштагы Х.М. аттуу тургунунун үстүндөгү кара жана көк түстөгү спорт кийиминин сол чөнтөгүнөн түссүз целлофанга оролгон жашыл түстөгү жана өзгөчө жыты бар зат табылган. Анын салмагы 140 граммды түзгөн.
Аталган тургун ыкчам кызматкерлер тарабынан суралгандан кийин өз ыктыяры менен жашаган үйүнө катып койгон 84 граммдан ашык маңзатты милиция кызматкерлерине тапшырган.
Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында алынган зат баңгизаттын марихуана түрү экендиги аныкталган. Бул факт Жазык кодексинин 268-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.